Кандайдыр бир ичти жылыткан кубанычтуу, жакшы сезим пайда болуу. Бурч-бурчтан жаңырык чыгарган коңгуроолордун тунук үнүнө чоң эненин жүрөгү элжиреди (Сыдыкбеков). Жүрөгү элжиреп, үйгө кирген баланы ата-энеси салкын тосуп алышты (Каимов).
Кандайдыр бир ичти жылыткан кубанычтуу, жакшы сезим пайда болуу. Бурч-бурчтан жаңырык чыгарган коңгуроолордун тунук үнүнө чоң эненин жүрөгү элжиреди (Сыдыкбеков). Жүрөгү элжиреп, үйгө кирген баланы ата-энеси салкын тосуп алышты (Каимов). В.: Жүрөгү эзилүү. Сендей сулуу, сендей мөөр жок чыгар, Боюм балкып, жүрөгүм да эзилет (Токомбаев). Ал сүйүү ырын ырдаганда, кыз-келиндердин жүрөгү мындай турсун, улгайган аялдардын да жүрөгү эзилер эле (Жантөшев). Эт жүрөгү элжирөө. Ал башынан өткөн тарыхын айтып отурганда жигиттин эт жүрөгү элжиреди (Каимов).